"Коңшусунун 50 миң сомун уурдады" деген шек менен 15 жаштагы бала кармалды

"Коңшусунун 50 миң сом акчасын уурдады" деген шек менен өспүрүм бала колго түштү. Бишкек ШИИББинен билдиришкендей, 9-июнда Бишкек шаарынын Монгол көчөсүнүн тургуну Н.Г. арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал өзүнүн арызында 1-июнда үйүнөн 50 000 сом акчасы уурдалганын билдирген. Түшкөн арыздын негизинде Ленин райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ошол эле көчөнүн 15 жашар В.В. аттуу тургуну кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан