Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Келечек жаңы конушунан баңгизат менен 48 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. ИИМдин маалыматына таянсак, аталган жаңы конуштагы шек жараткан турак үйлөрдүн бири текшерүүгө алынып, 2 килограмм 135 грамм баңгизат табылган. Иликтөө иштеринин алкагында "бул баңгизатты сатууга аракет кылган" деген шек менен 48 жаштагы П.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.