"Борбор калаада шаар тургунун бир нече жолу атып, качып кеткен" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнь күнү Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель айында борбор калаада 1986-жылы туулган А.Д. аттуу жаранды белгисиз жаран бир нече жолу атып, из жашырып кеткен. Иликтөө иштеринин алкагында кылмыш ишине шектелип уюшкан кылмыштуу топтун 1981-жылы туулган Ч.Ж. аттуу мүчөсү кармалды. Белгилүү болгондой, кармалган жаран кылмыш дүйнөсүндө Дөө деген каймана атка ээ.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.