Чүй облусунун Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелип 63 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-июнь күнү 15:20 чамасында адам өлтүрүү окуясы болгону тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында Сретенка айылында турак үйдүн алдында көкүрөк тушуна бычак сайылып, күч колдонуп өлтүрүлгөн 32 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Аталган кылмыш ишине шектелип Беловодск айылынын 63 жаштагы тургуну кармалган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду. Атайын
соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.