Олег Панкратов: "Ата мекендик текстилчилер өндүргөн продукциянын жогорку сапаты эртеңки күнгө ишенимдүү кароого мүмкүндүк берет"

"Ата мекендик текстилчилер өндүргөн продукциянын жогорку сапаты эртеңки күнгө ишенимдүү кароого мүмкүндүк берет". Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

"Акыркы жылдары жеңил өнөр жай өндүрүшү кескин секирик жасап, ата мекендик негизги тармактын бирине айланды. Алсак, акыркы 5 жылдын ичинде өндүрүлгөн текстилдик продукцияны экспорттоо көлөмү 650 миллион доллардан ашты", - деди ал.

Олег Панкратов белгилегендей, экономикалык каатчылык шартында ата мекендик текстилчилер өндүрүлгөн продукциянын ар кыл түрүн кеңейтип, мурда жетишилген позицияларды сактап калууга күч жумшоодо.

"Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу кыргыз ишкерлери алдында өз ишмердигин өнүктүрүүгө жаңы мейкиндиктерди жана мүмкүндүктөрдү ачууда. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө 182 миллиондон ашуун адам жашайт, бул кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн товарынын сапатын жакшы билген кеңири рынок болуп саналат. Бул биздин эртеңки күнгө ишенимдүү карообузга мүмкүндүк түзөт", - деп айтты Панкратов.

Ал белгилегендей, өкмөт мындан ары карай дагы тигүү жана текстиль тармагынын өнүгүүсү үчүн тийиштүү көңүл буруп, колдоого алуусун улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан