Чүй районуна караштуу Сайлык айыл өкмөтүнүн жетекчисине жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Сайлык айыл өкмөтүнүн жетекчисине жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголду. ИИМдин берген маалыматына таянсак, 2014-жылы Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнүн жетекчилери Жер кодекси боюнча талаптарды бузуп, тийиштүү документтери жок жер тилкелерин берип салышкан. Берилген жерлер башка адамдын менчигине таандык болгону аныкталган. Жыйынтыгында эки адам бир жер тилкеге ээлик кылып, нааразычылыктар жаралган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан