Казакстандын Актөбө облусунда террордук чабуул жасаган дагы 5 адам жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Эске салсак, 5-июнда курал саткан дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө кол салган согушкерлер изделип жаткан. Иликтөө аракеттеринин алкагында согушкерлер Некрасов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашынып жатышканы аныкталган. Алар өз ыктыяры менен колго түшүүдөн баш тартып, ок чыгарышкан. Жыйынтыгында атышуудан улам 5 согушкер жок кылынды. Маалым болгондой, кылмыштуу топтун башчысы Дмитрий Танатаров экени айтылууда. Казакстандык "Диапазон" басылмасынын маалыматы боюнча, Танатаров учурда тирүү жана көптөгөн жаракаттар менен ооруканалардын биринде.
Жергиликтүү жашоочулар коопсуз аймакка чыгарылып, алардын арасында жабыр тарткандар болгон эмес. Маалыматка ылайык, ИИМдин эки кызматкери жеңил жаракат алганы айтылууда.