Лейлектеги май ташыган автоунаалардын өрттөнүшүнө коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон

10-июнда Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Ленин айылында Тажикстан Республикасы менен чектешкен жолдун боюнда Скайне үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жана Тажикстан Республикасына караштуу күйүүчү май ташыган КамАЗ үлгүсүндөгү унаалар күйүп кеткен. ӨКМнын №108-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана №74 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм барып өрттү өчүрүшкөн.

Өрт болгон жерде 30 тонна бензин толугу менен жана ага жакын жайгашкан Х.Калыкуловго таандык жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 24 чарчы метр 2 кабаттуу курулуш чарбанын чатыры кошо күйгөн. Скайне унаасынын айдоочусу, 1962-жылы туулган Таирбек Бакиров 15 пайыз колунан жана бутунан күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми КамАЗдын айдоочусу ордунда болбогондуктан, ким экендиги тактала элек. Өрттүн чыгуусуна тиричилик газ, керосин, бензин жана башка буюмдарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун сакталбашы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан