Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Орусия жана Борбордук Азия боюнча инфраструктуралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Екатерина Мирошник менен жолугушту.
Жолугушууда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча каржыланып жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо, суу чыгаруу, коммуналдык тейлөө багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана жана Бишкек-Кара-Балта жолдорун куруу долбоорлору боюнча пикир алмашуу орун алды.
Екатерина Мирошник Мухаммедкалый Абылгазиевге долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата суу түтүктөрү, суу чыгаруу жана тазалоо жайлары тутумун реабилитациялоого 173,2 миллион евродон ашуун каржылык каражаттар тартылган.
Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, банк тараптан ар кыл тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга үзгүлтүксүз көмөк көрсөтүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ал аталган долбоорлордун ишке ашырылышы менен жарандардын жашоо-турмушу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, өлкө аймактарынын инфраструктурасы жакшыртылып жаткандыгына токтолду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.