Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-июнда Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрам – Орусия күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:
"Урматтуу Владимир Владимирович!
Орусиянын элин жана жеке сизди мамлекеттик майрам – Орусия күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бүгүн Орусия Федерациясы өнүккөн демократиялык мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү баратат. Орусиянын эл аралык бедели күн сайын өсүү үстүндө.
Биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-орусиялык стратегиялык өнөктөштүк биздин өлкөлөр менен элдердин жакшылыгы үчүн мындан ары да чыӊдала берет деп ишенем.
Урматтуу Владимир Владимирович, сизге алдыдагы пландарыңыздын ийгиликтүү ишке аша беришин, ал эми бүткүл Орусия элине бакыт-таалай, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм".