Нарын шаарында 9-июнда саат 17:17 чамасында Бусурманкулов көчөсүндө жайгашкан канализациялык-насостук станциянын 5 метр тереңдигинде “Нарын суу-канал” ишканасынын 3 кызматкери тазалоо иштерин аткарып жаткан учурда ыплас суудан чыккан газга ууланып каза болгон. Учурда териштирүү иш-аракеттери жүргүзүлүп жатканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Кырсык коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан улам келип чыккан.
Алар менен канализациялык-насостук станциянын ичине түшкөн дагы 2 кызматкер ууланып, алар Нарын облустук ооруканасында жатышат. Учурда алардын абалы жакшы экендиги айтылды.