Насыр Давлесов 1929-жылы Кемин районунун Кара-Булак айылында туулган. Москва консерваториясын опера-симфониялык дирижёрдук адистиги боюнча профессор А.П.Чугуновдун классынан бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин дирижёру, Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын дирижёру, Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун директору болуп иштеген. "Евгений Онегин", "Олжобай менен Кишимжан" операларын, "Спартак" балетин койгон. Солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн кантаталар, эл аспаптар үчүн сюиталар, музыкалык комедияларды, оркестр үчүн марштар, күүлөр, сүйүү жана патриоттук-музыкалык темадагы ырлар, романстар, хорлор, аспаптык пьесалар, балдар үчүн ырларды, кино жана циркке музыка жазган.
Насыр Давлесов - Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери. Ал Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.