Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыркап ооруканада жаткандардын дагы бири каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков SUPER.KG порталына кабарлады. Каза болгон жарандын денесинин 95 пайызы күйүп калып, абалы оор болчу. Учурда №4-оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган 6 адамдын экөөсү гана калды. Ал эки адамдын биринин денеси 60, биринин денеси 70 пайызга күйгөн.
"Денесинин 95 пайызы күйүп калгандыктан, 10-июнда кечке жуук каза болду. Ал эми учурда ооруканада эки жабырлануучу калды. Алардын абалы жакшы", - деди Кубатбеков.
Буга чейин жарылуудан жаракат алган үч адам ооруканадан каза болгон.