Чыныбай Турсунбеков Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 11-июнда Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында 10-июнда Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушту. Турсунбеков эки тараптуу достук мамилелерди мындан ары да тереңдетүү жана Парламенттер аралык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Спикер эки өлкө ортосунда кызматташуу жакшы жолго коюлгандыгына жана соода-экономикалык тармагы потенциалдуу экенине карабастан, аталган тармак жай өнүгүп жатканына токтолду. “Кыргыз мамлекети Венгрия менен экономикалык тармак боюнча кызматташууга, инвесторлорду тартууга жана аларга максималдуу түрдө ар тараптуу шарттарды түзүп берүүгө кызыкдар. Кыргыз жери - кичи ГЭСтерди куруу, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен жана башка өндүрүш тармактары боюнча абдан потенциалдуу өлкө”, - деди ал.

Венгрия президенти соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык багытта эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнү колдоорун айтып, Венгрия кыргыз өлкөсүнүн демократиялык мамлекет болуп түптөлүп жатышын кубаттай турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан