Майлуу-Суу шаарында 22 жаштагы келин өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган 22 жаштагы келин мисте дарагына өзүнүн жоолугу менен асынып алган. Талаада отун терип жүргөн жергиликтүү тургун асылып турган келинди көрүп, мойнундагы жоолукту чечип куткарып калган. Бир канча убакыттан кийин милиция кызматкери келип, келинге жасалма дем алдыруу ыкмасын жасап өзүнө келтирген.