12-июнь күнү Америка Кошмо Штаттарынын Орландо шаарындагы кумсалардын клубунда октон каза болгондордун саны 50гө, жаракат алгандардын саны 53 адамга жетти. Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, окту АКШнын 29 жаштагы Омар Матин аттуу жараны чыгарган. Ал 11-июндан 12-июнга караган түнү саат экилер чамасында клубга кирип, клубдагыларды аткылап баштаган жана 100дөй кишини барымтага алган. 3 саат өткөн соң полиция жардамга келип, клубдун дубалын тешип кирип, андагыларды бошотуп, кылмышкерди жок кылышкан. Полиция 29 жаштагы кылмышкер жалгыз болгонун жана өтө дыкаттык менен даярдык көргөнүн айтууда.