Ноокен районунун Достук айылында эки үй-бүлө "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунан баш тартты

Ноокен районунун Достук айылында эки үй-бүлө "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-июнда аталган башкармалыктын кызматкерлери облустук казыят жана УКМК менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында, Ноокен районунун аймагында ИИМ 10-тобунун каттоосунда турган "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү жашаган 3 үйдүн даректерине күбөлөрдүн катышуусунда тинтүү жүргүзүштү.

Операция учурунда экстремисттик уюмдун тиешелүүлүгүнө шектүү болгон гезиттер жана дисктер далил буюм катары алынып, чогултулган материалдар Ноокен РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ноокен районунун Достук айылынын тургундары эки үй-бүлө жергиликтүү айылдагы мечитте айыл аксакалдарынын алдында аталган экстремисттик уюмдан чыккандыгын билдиришкен. Буга чейин 3 жаран өз эрки менен экстремисттик уюмдан чыккан. Ал эми өткөн жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 7 адам уюмдан өз эрки менен чыккан. Үстүбүздөгү жылы 6 ай ичинде 12 адам адашып калганын айтып, кайрадан салттуу ислам динине кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Martial-MU
2016-06-13 05:37:58
Бийликтин алсыздыгынан диний экстремисттер күч алып жатат.Сириядан кеткендердин санын аныктап,келгендерин аёосуз эркинен ажыратуу зарыл.
+2
jetinur90
2016-06-13 07:04:19
Ушул бийликтин тушунда кайдан жайдандыр террорлор бизде кобоюп кеттиби?
+2
stimyl.kg
2016-06-13 07:04:32
Ноокен, Ноокат райондорунан коп чынат башка уйумга кирип кеткендер.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан