Токтогулда унаа кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда унаа кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июндан 13-июнга караган түнү саат 22:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 265-чакырымында, Чычкан капчыгайында эки унаа кагылышкан. Aуди-80 үлгүсүндөгү унаадан 1 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилди. 1985-жылы туулган А.А. аттуу жаран окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми жабыркаган эки адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Кырсыкка кабылган Toйота Ипсум үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана андагы жүргүнчүлөр жаракат алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан