Бишкекте газдын жарылуусунан күйүп ооруканада жаткандардын бешинчиси каза болду

Борбор калаанын Достук кичи районундагы газ ташыган унаанын жарылуусунан улам денеси күйүп ооруканада жаткандардын дагы бири көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, каза болгон жарандын денесинин 70 пайызы күйгөн. Учурда №4-оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан 6 адамдын бирөөсү гана калды. Анын денесинин 60 пайызы күйгөн.

Белгилей кетсек, жарылуудан жаракат алган 12 адам ооруканага жеткирилип, анын ичинен 6 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gisi
2016-06-13 05:49:34
Abaly jakshy deshti ele, ajal kelgende soo adamda kete beret
0
Gulya-2000
2016-06-13 06:00:01
Gisi,туура айтасыз ажал келсе айла жок экенда жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун кудайым бейиштен орун берсин ата энелерине туугандарына сабр берсин кудайым
+2
Oreanda
2016-06-13 06:52:43
Ай байкуш жаткан жери жайлуу болсун,кичине жерин куйуп калса канча жанын ооруйт 70%оной эмес чыдаганга жаны кыйналдыго байкуштун, оо жараткан кырсыктан балееден озун сакта элимди!
+2
KaiMak
2016-06-13 13:37:08
кечеле акыбалы туруктуу дединерлегоооо. Бешенесине ушул жазылыптыр 5оонун
,1оону аман алып калгылачы. Жаны жаннаттан болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан