Мас абалдагы 57 жаштагы жаран унаасы менен 1 жана 3 жаштагы эки баланы сүзүп кетти

12-июнда саат 18:30 чамасында Бишкектин четиндеги Көлмө жаңы конушунан унаа токтотуучу жайдан арты менен чыгып келе жаткан Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаа Ниссан Цефиро үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Унаа барып бешик арабасына тийген. Бешик арабада 1 жаштагы жана 3 жаштагы балдар болгон.

ИИМден билдиришкендей, окуя болгон жерге патрулдук милиция кызматкерлери барып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин жабырлануучулар №3-балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилишкен. Жол кырсыгына Бишкек шаарынын 57 жаштагы тургуну себепкер болгон. Айдоочунун каны текшерилгенде ал спирт ичимдигин ичип алганы аныкталган. Бул окуяны учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Take_men
2016-06-13 06:59:33
Ичип кармалгандарга ДТП жасабаса 100 000 сом штраф менен 3 жылга правасын алып коюш керек
0
Nazik.
2016-06-13 11:50:08
Балдар аман-эсен болушса экен
+1
uz.nookat
2016-06-13 12:44:03
ХХХ ХХХ орозо тутбайсынбы жашын бир топко жеткенде
-1
admin_portal
2016-06-13 12:49:08
uz.nookat, этика нормаларын сактаңыз!
-1
ss90
2016-06-14 03:25:52
Арактын арты - арман, окунуч...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан