Кечээ катуу жааган жамгырдын кесепетинен Арстанбаптагы ички жолдор жана көпүрөлөр зыянга учурады

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагында 12-июнда саат 22:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жарадар айылында эки үйдүн айланасын сел каптаган, сайдын нугу толуп, ички чарбалык жолго зыян келтирген.

Арстанбап айылынын борборундагы Арстанбап сайына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан курулган көпүрөнүн сол канатын суу жеп кулаткан, көпүрөгө жакын жайгашкан жеңил типте салынган курулушту (чайкананы) жараксыз абалга келтирген. Арал аймагына өтүүчү ички чарбалык көпүрөнүн түркүгүн жараксыз абалга келтирген. Сайдын жанындагы ички чарбалык жол селден зыян тартып, сел калдыктарына толгон. ӨКМнын маалымат кызматы адам өмүрүнө зыян келтирилбегенин билдирди.

Кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirlanpiter
2016-06-13 13:46:01
Кудай сактаптыр,аман болушсун
0
Adilet_adi
2016-06-13 14:11:43
mirlanpiter, жарадарда кыргыздар жашайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан