Жумгал районунун Чаек айылында 74 жаштагы аксакал "коңшусун бычактап өлтүрдү" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева 13-июнда SUPER.KG'ге билдирди.
Маалым болгондой, Жумгал РИИБинин ыкчам тергөө тобу аталган айылдагы үйлөрдүн биринин жанынан 11-июнь күнү 1960-жылы туулган Р.Ж. аттуу жарандын жансыз денесин табышкан. Милиция кызматкерлери анын 13 жерине бычак сайылганын көрүшкөн. Ал эми шектүү делип кармалган 1942-жылы туулган Ч.Р. аттуу жаран мас абалда анын жанында отурган. Тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.