Кочкор-Ата шаарында "35 жаштагы адамды өлтүрдү" деп шектелип жергиликтүү тургун кармалды

Кочкор-Ата шаарында "35 жаштагы адамды өлтүрдү" деп шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда саат 08:00 чамасында Кочкор-Ата шаарындагы көчөлөрдүн биринде адамдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат милициянын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында аталган кылмыш ишине шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын 26 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кармалган.

"Кылмышка шектүү эки жээни жана каза болгон адам менен чогуу шаардагы аялдамада отуруп спирт ичимдигин ичкен. Спирт ичимдигин ичкен балдар сөз талашып уруша кетишкен. Жыйынтыгында адам өмүрү кыйылган. Каза болгон Б.М. аттуу адам Ноокат районунун тургуну экендиги аныкталган", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан