Москва районунун Беловодск айылында 28 жаштагы мас абалдагы кыз агасына бычак сайып салды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз 9-июнь күнү 21:30 чамасында эч себепсиз агасынын ичине бычак сайып жиберген. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.
Жаракат алган жаран учурда ооруканада, абалы канааттандырарлык.