Таш-Көмүр шаарында 30 жаштагы жаран мыйзамсыз ок атуучу курал менен кармалды

Таш-Көмүр шаарында 30 жаштагы жаран мыйзамсыз ок атуучу курал менен кармалды. 13-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Таш-Көмүр шаарынын Ак-Суу-Келдиш аймагында малын жайлоого айдап бараткан 1986-жыл туулган Ж.А. аттуу жаран мыйзамсыз курал менен кармалган. Мылтыктын кундагындагы белгилер атайылап өчүрүлгөн.

"Табылган мылтык жайлоого көчүп бараткан чабанга таандык экен. Ал мылтык атасынан калганын айтууда", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Учурда кылмыш иши козголуп, териштирүү жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jibew
2016-06-13 21:27:24
Милициялар только карапайым чабандардын куралын тартып алганга гана жарайт. Чабандарга курал созсуз керек мал жанын ит-куштан коргош учун. Кочодо черныйлар ээн эркин ар кимди аткылап журот. Аларга кучу жетпейт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан