Бахыт Есентаев жубайы Баян Есентаеваны өлтүрүүгө аракет кылганы аныкталса, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Казакстандык продюсер Баян Есентаеванын күйөөсү Бахыт Есентаев 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары жазып чыгышты. Анда айтылгандай, Бахыт Есентаев "адам өлтүрүүгө аракет кылды" деп айыпталууда.

Белгилей кетсек, Баян Есентаева 10-июнда Алматы облусунун Талгар шаарындагы ооруканага бычактан жаракат алып жеткирилген. Кылмыш ишине шектелип күйөөсү кармалган. Есентаевдин иши Казакстандын Ички иштер департаментинин жеке көзөмөлүндө экени айтылууда. Шектүү эки айга камакка алынган. Күнөөсү аныкталса, 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zara-919
2016-06-13 16:40:14
Иий, Кудай озун сактай кор.
+1
RASTAMAN
2016-06-13 18:10:48
Bular kimder ozu?
+3
takowa_tyratbekovna94
2016-06-14 04:09:48
Айыгып кетсин абдан кучтуу аял болчу аллахым шыпаасын берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан