Чүй районундагы Чүй айылынын 46 жаштагы тургуну "10 килограммдан ашык баңгизатын сактаган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын үйүн текшерген учурда 1 килограмм 405 грамм марихуана, 54 даана кара куурайдын уругу табылган. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.