Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын президенти Барак Обамага Орландо шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтты. "Кыргыз Республикасы төбө чачты тик тургузган бул кыянатчылык террордук актыны чечкиндүү айыптайт жана террордук актыларды актоого болбой турганына жана жараксыз экенине ишенет", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.