Бишкекте жумуш издегендер үчүн жарманке болот

5-апрелде саат 9:30дан 13:30гө чейин Бишкектеги Улуттук китепканада жумуш издеп жүргөн жаш адистер үчүн жарманке ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Эл аралык жаштар фондунун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Айнура Жапарова билдирди. Иш-чарага 20дан ашык компаниялардын өкүлдөрү менен консультанттар жумуш издеп жүргөн 250гө жакын жаш адистер менен пикир алышып, алардын ишке орношуусуна көмөктөшөт. Айта кетсек, жарманке ЮСАИДдин “Сенин мүмкүнчүлүгүңдүн мезгили” аттуу долбоорунун негизинде уюштурулууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан