Түркиянын Стамбул шаарында 17 жаштагы кыргыз кызы 8-кабаттан кулап кетип, бактыга жараша, аман калды. Түркиянын ММКларынын берген маалыматына таянсак, Алина аттуу өспүрүм кыз эжеси менен Стамбул шаарына эс алуу үчүн барган. Кырсык Стамбул шаарындагы Умрание кичи районундагы үйлөрдүн биринде болгон.
Жабыркаган кыз эжеси дүкөнгө чыгып кеткен учурда эжесин карайм деп башы айланып кулап кетип, үйдүн жанындагы курулуштун чатырына жабылган кендир таарга түшкөн. Колунан жана белинен жаракат алып ооруканага жеткирилген. Учурда ооруканада дарыланууда.