Министр парламенттин комитетинин жыйынына кечигип калып, комитеттин төрагасынан тил укту

Бүгүн, 14-июнда транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынын башталышына келе алган жок. Мындан улам аталган комитеттин төрагасы Марат Аманкулов 10 мүнөттүк танапис жарыялоого мажбур болду. Министр жыйынга келген соң Аманкуловдон сөз укту.

"Сиздин кечигип келгениңиз боюнча мен премьер-министрге кайрылам", - деди комитеттин төрагасы.

Министр Айдаров комитеттин жыйынына кечигип калганы үчүн кечирим сурады. "Эртең менен премьер-министр менен жолугушуум болгон. Мындан улам жыйынга кечигип калдым. Жоопкерчиликти моюнума алам", - деп жооп берди Айдаров.

Айта кетсек, транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 14-июндагы жыйынында 4 маселе боюнча маалымат бермекчи. Алар:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагындагы иштин абалы тууралуу;

2) "Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору тууралуу;

3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жалпы пайдалануудагы жолдордун сакталышын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмалары тууралуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан