Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кооптуу абал жаралгандыгын бүгүн, 4-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Чолпон Султанбекова айтып чыкты. Депутат билдиргендей, шаардагы концерттер, спорттук иш-чаралар, жыйындар өтүүчү эң негизги имараттын тегерегине 9 кабаттуу үйлөр курулуп жаткандыктан, анын дубалдары жарака кете баштаган. "Аталган үйлөрдү курууга 2012-жылы мэрия уруксат бериптир. Алар Спорт Ордосуна жакын болгондуктан, кооптуу абал жаралууда. Бул имараттын концерт коюучу залынын чатыры 240 тонна экен, кокус ал чогулган элдин үстүнө түшүп кетсе эмне болот?! Атайын комиссия түзүп муну текшерүүгө алуу керек",- деди эл өкүлү.