Өздөрүн "УКМКнын кызматкерибиз" деп тааныштырып, мас абалда милиция менен чырдашкан эки жигит колго түштү

Өздөрүн "УКМКнын кызматкерибиз" деп тааныштырып, мас абалда милиция кызматкерлери менен чырдашкан эки жигит колго түштү. Бул тууралуу 14-июнда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан бир жума мурун эки жигит мас абалда милиция кызматкерлери менен чырдашканы интернетке жарыяланган. Алар 1994-жылы туулган Бахтияр Байимбаев жана 1995-жылы туулган Абубакир Урказиев аттуу жарандар болуп чыкты. Аларга карата КРнын Кылмыш кодексинин "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

УКМК өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкери, анын ичинде УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, мыйзам бузууга барышса, катуу чара көрүлүп, кылмыш иши козголорун белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sobr777
2016-06-14 12:15:02
Абубакир деген атты алып журуп анан ичип ушинтип жургончо олгон артык
+3
Nasyrkg
2016-06-14 14:59:01
Укмкчы боло калгандарын
0
ZANIA-92
2016-06-15 01:07:00
Ой ары жоктор, жон эле тынч журоберсенер болбойт беле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан