Өгөй кызын зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылганын Жогорку Соттун маалымат кызматынан 14-июнда кабарлашты. Маалым болгондой, 1974-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылында туулган Нурлан Мамыев аттуу жаран 2000-жылы туулган өгөй кызын бир нече ирет зордуктаган. Ал 2014-жылдын 26-майында саат 13:30 чамасында Каракол шаарынын мектептеринин биринде окуган 2000-жылы туулган өгөй кызына мектептен чыккан убагында жолугуп, "Гүлбара эжеңден акча алып, уюлдук телефон сатып берем" деп алдап, андан ары сейил бакка алып барган. Ал жактан кыйкырбасын деп кыздын оозун басып, "эгерде кыймылдасаң, бирөөнө айтсаң өлтүрүп коём" деп коркутуп зордуктаган. "Бул тууралуу апаңа айтсаң, сени өлтүрүп коём, сураса "классташ кыздарым менен жүрдүм" деп кой, акча берип турам" деп алдап кетирип жиберген.
Соттолуучу Н.Мамыев кайрадан 2014-жылдын 12-июнунда өздөрү жашаган үйдүн чатырына алып чыгып, күч колдонуп зордуктаган. "Эгерде бирөөгө айтсаң, сиңдиңди да зордуктап салам" деп коркуткан. Мамыев Н.К. кайрадан эле 2014-жылдын ноябрь айынын аягында саат 13:30 чамасында өзүнүн үйүндө киши жоктугунан пайдаланып, каршылык көрсөткөнүнө карабастан зордуктаган.
2015-жылдын март айында А. кыздарын чай ичкиле деп үйгө чакырган, кыздар келип кеткенден кийин уюлдук телефону жок экенин көрүп, таппай койгон. Өгөй атасы анын телефонун алып мечитке кетип калган. Ыйлап жатып, апасы жумуштан келгенде чыдабай кетип болгон окуяны айтып салган. Эртеси милицияга барып арыз жазышкан.
Каракол шаардык сотунун өкүмү менен 2015-жылдын 21-октябрында Н.Мамыев "зордуктоо", "бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө" кылмыштар жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды кошуу жолу менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Жогорудагы өкүм менен соттолуучу Н.Мамыев макул болбой апелляциялык тартипте доо арыз жазган.
Биринчи инстанциядагы сот тарабынан соттолуучу Н.К.Мамыевге жаза чектөөдө ага карата жеңилдетүүчү жана оордотуучу бардык жагдайларды эске алуу менен негиздүү, туура жаза чектелген жана соттолуучунун апелляциялык тартипте келтирген арызы канааттандырууга, өкүмдү өзгөртүүгө же болбосо жеңилдетүүгө негиз табылган жок деп соттук коллегия эсептейт.
Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы 2016-жылдын 6-майында Каракол шаардык сотунун 2015-жылдын 21-октябрындагы Н.Мамыев жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.