Чоң-Алайдан артиллериялык снаряд табылганын 14-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 13-июнда аталган райондун Жалгыз-Күнгөй деген аймагынан чек арачылар тарабынан жарылбаган ВН-30-Л үлгүсүндөгү артиллериялык снаряд табылды. Ал снаряд 1957-жылы чыгарылганы белгилүү болду.
Учурда аталган аймак курчоого алынып, адистер жеринде тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.