Кыргыз окуучулары Нидерландыда өткөн Эл аралык экологиялык илимий долбоордук INESPO олимпиадасында 4-орунга ээ болушту

Үстүбүздөгү жылдын 29-майынан 3-июнуна чейин Нидерландынын Амстердам шаарында Эл аралык экологиялык илимий долбоордук INESPO олимпиадасы (International Environment and Sustainability Project Olympia) болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн окуучулар катышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси билдирди.

"Кыргыз өлкөсүнүн атынан Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин Хушбахт Якубжанов, Манас Токторов, Нурали Жусупов, Эрлан Чкалов, Дастан Ташев жана Замирбек уулу Бекулан аттуу окуучулары катышып, жыйынтыгы боюнча 4-орунга ээ болуп кайтышты", - дейт мекеменин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган олимпиада география, биология, физика жана химия предметтери боюнча өткөрүлүп келет. 2016-жылы бул сынакка 3500 долбоор катышып, алардын ичинен өлкөбүздөн барган команда 2 долбоор менен аттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан