Улуу жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовдун жерге берилгенине бүгүн, 14-июнда 8 жыл болду. Бул инсан тууралуу канча макала жазылбасын, баары бир аздык кылат. Бул ирет кыргызды ааламга тааныткан жазуучунун армандуу махабаты тууралуу кеп болот.
Чыңгыз Айтматов 1950-жылдардын башында Керез Шамшибаева аттуу сулуу менен баш кошот. Керез Шамшибаева жазуучунун чыгармачылыгынын түптөлүшүнүн пайдубалы болгон деп айтышат. 1954-жылы тун уулу Аскар, ал эми 1959-жылы экинчи уулу Санжар жарыкка келет. Керез Шамшибаева көзү өтөр алдында уулдарынан атасын сыйлап, ар дайым урмат көрсөтүп жүрүүлөрүн суранган. Уулдары бул керээзди жазуучунун көзү өткөнчө сакташкан.
Маалыматтарга караганда, улуу жазуучу эл көзүнчө ыйлаган киши болгон эмес. Жашоодо 3 ага эң жакын адамдары: энеси Нагима Айтматова, биринчи жубайы Керез Шамшибаева жана Бүбүсара Бейшеналиева каза болгондо көз жашын токтото албай, шолоктоп ыйлаган дешет. Эл арасында жазуучу атактуулуктун туу чокусунда турганда биринчи жубайын таштап, башка сулууну жандап кеткени үчүн өзүн өмүр бою күнөөлөп жүргөн деп айтылат.
Ал сулуу кыргыз эли бүт суктанган Бүбүсара Бейшеналиева эле...
Улуу инсандын арзуусуна айланган белгилүү балерина менен чыгаан жазуучунун тунук махабаты тууралуу кептер азыркыга чейин айтылып келет. "Айтматовдун армандуу сүйүүсү дегенде бир гана атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева эске түшөт. Андан башка сүйүү тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес", - дейт Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Жаныш Кулмамбетов.
"Залкар жазуучу балерина Бүбүсараны сүйгөнүн коомчулук да билген болчу. Жазуучунун улуулугу да ушунда болсо керек, бул айтылган сөздөрдү далилдеп, казак жазуучусу Мухтар Шаханов менен биргеликте жазган “Аскада калган аңчынын ыйы” деген китебинде баарын ачык-айкын жазып кеткен. Бул окуя Советтер Союзунда болуп өткөн. Эгерде ошол мезгилде эмес, учурдагыдай демократиялык мезгилде жашаганыбызда, мүмкүн, балерина экөөнүн үйлөнүп, чогуу жашаганына күбө болот белек, ким билет..." - дейт Жаныш Кулмамбетов.
"Советтер Союзу учурунда деле ажырашуулар катталган, бирок партия, мамлекеттик кызматкерлер үчүн катуу тартип, систем бар эле. Эгерде жазуучу үй-бүлөсүн, бала-чакасын таштап, башка аялга үйлөнөм деп кетсе, партиядан чыгарылмак, балким, анда жазуучунун улуу чыгармалары да жаралбай калат беле... 2 аял алуу Ч.Айматовдун чыгармачылыгына, карьерасына кедергисин тийгизмек.
Бүбүсара Бейшеналиева да Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына балта чапкысы келбегендиктен, жазуучуга турмушка чыгуудан баш тарткан. Бул жерде армандуу сүйүүнүн курмандыгы деп Бүбүсараны айтууга болот", - дейт Ж.Кулмамбетов.
Жазуучу 2008-жылы 79 жаш курагында көз жумган. Көзү өткөн соң Ч.Айтматовдун ысымы Бишкектеги сейил бактардын бирине, Орус драма театрына ыйгарылган.
2008-жылы Чолпон-Ата шаарында жазуучунун музейи ачылган.
Бишкек шаарында, Татарстан Республикасынын Казань, Түркиянын Анкара, Азербайжандын Баку, Казакстандын Астана шаарындагы көчөлөргө анын ысымы ыйгарылган.
2007-жылы Айтматовго арналган почта белгиси чыгарылган.
2011-жылы "Ала-Тоо" аянтында жазуучунун эстелиги орнотулган.
2011-жылы Лондон шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык негизделген. Сыйлыкты Лондондо түзүлгөн Айтматов академиясы жазуучунун туулган күнүндө тапшырат. Аны жазуучу менен көп убакыт бирге иштеген профессор Рахима Абдувалиева негиздеген.
2013-жылы Санкт-Петербург шаарындагы гүлзарга Айтматовдун наамы ыйгарылган.
2013-жылы Москвада, 2014-жылы Түркиянын борбору Анкара шаарында улуу жазуучунун бюст-айкели ачылган.
2014-жылы Боинг 737-800 учагына жазуучунун ысымы берилген.