3-апрелде Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында ГАЗ-3102, Ниссан Сирена жана БМВ-525 унаалары катышкан жол кырсыгы болду. Окуядан Ниссан унаасынан 36 жаштагы Ч.Т. аттуу аял, ГАЗ-3102 унаасынан 3 жаштагы Н.Ш. жана 6 жаштагы Д.Ж. аттуу балдар жаракат алышып, оор абалда аймактык ооруканага жеткирилди. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча ГАЗ-3102 унаасы каршылаш келе жаткан унаалардын жолуна чыгып кеткен. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.