Кара-Сууда 59 жаштагы атасын өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы уулу кармалды

13-июнда саат 06:30 чамасында Кара-Суу РИИБине Кара-Суу шаарындагы МЭЗ көчөсүнөн мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 60-65 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, арактын бошогон үч бөтөлкөсүн, эркек кишинин күрмөсүн жана кан болгон таш табышкан. Табылган буюмдар экспертизага жиберилген. Ал эми каза тапкан жарандын өздүгү такталып, ал Кара-Суу шаарынын 59 жаштагы тургуну Флюр Темирбаев экени аныкталды.

Аталган кылмыш ишине шектүү катары каза болгон жарандын 1990-жылы туулган Т.М. аттуу баласы кармалган. Учурда бул кылмыш иши боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иши башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Futuro
2016-06-14 15:12:48
Шумдугуң кургур жашоо.
0
Xanbiyken
2016-06-14 16:04:25
Кудай озу сактасын.
+2
Qnet
2016-06-14 21:52:41
Эмне учун баласын кармашты экен?
0
Azizbek.kg8
2016-06-15 02:16:18
Кудайым э кандай заман болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан