Өлкөдө экстремисттик жана террористтик көз карашты колдогон 4154 адам каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча экстремисттик жана террористтик көз карашты колдогон 4154 адам каттоодо турат. Ал эми диний экстремизмди жайылтуу боюнча 2016-жылдын 5 ай аралыгында 215 факт аныкталып, 63 кылмыш иши козголгон.
"Учурда экстремисттик жана террористтик көз карашты колдогон адамдар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.