Мамлекеттик салык кызматы июнь айынын биринчи 10 күнүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келген 22 айдоочудан эреже бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы бүгүн, 14-июнда кабарлады.
"Талас облусунун Манас районундагы "Чоң-Капка”, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак-Тилек", Панфилов районундагы “Чалдыбар” өткөрүү пункттарында 7 айдоочу товарды ыктыярдуу патенти жок ташып киришсе, 6 айдоочунун эл аралык жүк ташууларга карата ыктыярдуу патенти жок экендиги аныкталган. Ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү жөнүндө талонду толтурууда ташылып өтүүчү жүктүн көлөмүн төмөндөтүп көрсөтүү боюнча 5 факт ачылды. Ал эми 3 субъектте уруксат берүүчү документтери жок болуп чыкты", - деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.
Мамлекеттик салык кызматы эсепке алынбаган товарларды ташуу, алардын көлөмүн жана иш жүзүндөгү наркын азайтуу Кыргыз Республикасынын бюджетине кыйыр салыктардын келип түшүүсүнүн көлөмүнө терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.