“Аскердик сотту жоюу керек”,- деп билдирди коомдук ишмер Рита Карасартова бүгүн, 4-апрелде бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусунда. Анын айтымында, учурда сот системинде сынак болот дегени менен, эч кандай тандоолорсуз эле айрым күчтөрдүн аркасы менен кызматтык орундар сатылып жатат. Бул көрүнүштү жоюу үчүн аскердик, айылдык сотторду шайлоону токтотууну бийлик өкүлдөрүнөн суранды.