12-июнь күнү саат 14:30дар чамасында Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында Тико унаасынын мас абалдагы айдоочусу унаасын башкара албай, жол четинде ойноп жаткан 6, 7 жаштагы 3 баланы сүзүп кетти. Алардын экөө кыз, бирөө эркек бала болгон. Эркек бала кырсык катталган жерден каза болуп калганын окуянын күбөсү SUPER.KG'ге кабарлады. "Эки кыз оор абалда Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген. Бирөөсүнүн абалы туруктуу болсо, экинчиси жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда", - деди күбө.