Бишкекте бир нече курулуш сүрдүрүлдү

Бишкек шаарынын Жеке турак жай курулуш департаменти Патрис Лумумба көчөсүнө салына турган тротуардын аймагына кирген чарба курулуштарын сүрдүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-июнда билдирди.

"Патрис Лумумба көчөсүндөгү узундугу 15, туурасы 1,5 метр болгон эки чарба курулушу, узундугу 5 метр болгон эки дубал жана кафе сүрдүрүлдү. Андан сырткары Көлмө конушундагы Мидин көчөсүндөгү дүкөн, Дордой жаңы конушунда 17,5 метрлик дубал жана чарба курулушу бузулду", - деп айтылат маалыматта.

"Дордой конушунун №500-жер тилкесинин тургуну узундугу 11, туурасы 3,5 метр болгон турак жайын сүрдүрүүгө макул болбогондуктан, Жеке турак жай курулуш департаменти сотко кайрылды", - деп кошумчалашты мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
abusait
2016-06-14 19:13:03
Мыйзамды сыйлоону да уйронолу..
+8
jalgyzymsyn
2016-06-14 21:08:22
abusait, туура айтасыз. Дордой конушундагыны да макул болобу жокпу шарттуу турдо сурдуруш керек эле.
+1
zhusubali
2016-06-14 21:09:36
менинда кошунам менин уй жагыма 1метр кирип кеткен менда мыйзам жузундо алсам болобу
+1
MAKALAK
2016-06-14 21:26:48
Туура бишкек орустар айткандай большая деревня болуп калды
+2
Rifle_S
2016-06-15 09:02:33
MAKALAK,орустардын эмес , кыргыздардын сөзү да бар. Тоготпогондук, өз билемдик менен дагы толтура курулуштар бар.
0
Azizbek.kg8
2016-06-14 22:51:41
Жакшы бирок чек араларды тактап койсо болмок
+1
Roman90
2016-06-15 00:29:13
Азыр тротуарга чейин магазин болуп кеттиго
0
gulkar
2016-06-15 01:22:08
Сурдурушсун басканга жол калбай калды,машина м-н тен жарышып басып калдык.
0
Sher94kg
2016-06-15 01:22:59
менинида айылымда жол аябай кичине бут баары чыгып кеткен ошолордуда тазалашса болмок
0
Rifle_S
2016-06-15 09:03:48
Sher94kg,айылда эл чогулуп чечишип алсаңар тезирээк болот. Коңшу колоң айылдарда жакшы мамиледе болот го , кеңешип кайра жылып алгыла да.
0
daniel87
2016-06-15 01:24:14
Туура Кудайбергенден Ош базарына барганча Бир эскилиги жеткен кыштыктан откондой эле болом !Эми Ош базарынын айланасын айтпай деле койсок тушунуктуу!окмот Бишкекти озгортуш керек
0
Rifle_S
2016-06-15 09:05:27
Анда Б.Бейшеналиева көчөсүнөн барып жүрүүнү сунуштайм. Жаңы курулган кыштактай көрүнөт болуш керек.
Же жаңы курулган кыштак кандай болуш керек эле ?
0
admin_portal
2016-06-15 09:16:08
Rifle_S, сунуш, суроо, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
barakcha
2016-06-15 11:15:49
Андан дагы Бишкек шаарында жургон адамдар самсаалабай таза тыкан кийинип журушсо дейт элем.Кантсе дагы Бишкек борбор шаарыбыз экенин унутпайлык.Маданияттуу болгонго ар бирибиз аракет кылалычы?
0
Sayragul
2016-06-15 13:40:09
Мурда, 19986-87 -жылдары биз студент кезде Фрунзе шаары жапжашыл, таптаза, баскан жерин колоко, адамдар баары тартиптуу, тыкан кийинип, маданияттуу болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан