КҮНСЕРЕП: Жунушалиев "кыргыз милициясын 100 күндө оңдойм" дейт

Бүгүн, 14-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук биометрикалык ID-картанын жаңы үлгүсү менен коомчулукту тааныштырды. Документтин долбоору учурдагы ID-карталардан көп айырмаланбайт. Болгону "жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери" деген графа алынып салынган. Учурдагы үлгүдө үй-бүлөлүк абал “никеси жок”, “никеси бар” же “ажырашкан” деп жазылып, коомчулук тарабынан көп сындалат. Андыктан бул маалыматтын паспорттун өзүнө жазылбай, чипке киргизилгенин туура көргөндөр көп. Ал эми жаңы паспорттон “улуту” деген графаны алып салууну жактырбай, Мамлекеттик каттоо кызматын сындагандар көп болууда. Аталган мекеме муну “жарандык биримдикти бекемдейт” деп түшүндүрүүдө. Мекеме жетекчисинин орун басары Дастан Догоевдин айтымында, жаңы паспорттун башкы бетинде жарандын улуту жазылбастан, аты-жөнү, туулган датасы, жынысы, документтин номери менен жарамдуу мөөнөтү гана көрсөтүлүп, жарандын колу коюлат. “Улуту” деген графанын алынып салынуусун колдогондор муну менен көп улуттуу өлкөдө чын эле жарандардын биримдигин чыңдоого жол ачыларына ишенерин айтышса, каршылар паспорттон “улуту” деген графанын алынышы кыргыздын келечегине коркунуч келтирет деп нааразычылык билдиришүүдө.

Талкууларда Кыргыз Республикасынын жарандарынын аты-жөнү кандай жазылат, ушул нерсе тууралуу ой айткандар аз. Ар бир улуттун өзүнө тиешелүү тили, өңү-түсү, салты-жөрөлгөсү жана аты-жөнү болот. СССР кезинде көп улутту, көп мамлекетти камтыган ири держава үчүн бирдей калыптагы ат-фамилия керек болчу. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алган соң аты-жөндөрдү орусча “-ов” “-ев” “-ова” “-ева” эмес, кылымдардан бери атап келе жаткандай калыпта жазганы туура. Азыр деле аты-жөнүн Актан Арым Кубат, Кожогелди Култегин же Тынчтыкбек Чоротегин деп кыргызча атап алгандар бар, бирок алар саналуу гана.

Кыргыз жеринде паспорт маселеси дайым чуу менен коштолот. Бул тармакта коррупция тамыр жайып кеткени да сыр эмес. 2005-жылдан 2012-жылга чейин кыргызстандыктарды жалпы жарандык паспорттор менен жеке менчик “Интел линкс” компаниясы камсыздап келсе, 4 жылдан бери бул иш менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” ишканасы алектенип жатат. Ири суммадагы акча айланган тармакка 7 жыл ээлик кылып келген “Интел линкстин” негиздөөчүсү Дмитрий Цой “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун жакын досу экени айтылып келет. 2012-жылы ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөт жыйынында депутат Феликс Куловду “Интел линкс” ишканасынын кызыкчылыгын колдойт деп айыптап, Кулов бул сөзү үчүн Бабановду сотко берерин билдирген. Ал сөз ошол жерде гана калып, Кулов көлөкө түшкөн атын сот аркылуу актаган эмес. Мамлекеттик каттоо кызматы менен аталган ишкана бир имараттын ичинде иштеп келишкен. Паспорт даярдоо укугунан ажырагандан кийин 2013-жылы жеке менчик ишкананын өкүлдөрү “ижарага акы төлөп иштегиле” деп Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерин иш бөлмөлөрүнө киргизбей коюшкан. Бул окуя боюнча Башкы прокуратура ишканага кылмыш ишин ачкан.

Паспорт даярдоо ишинин мамлекетке алынышы эң оболу улуттук коопсуздук маселеси менен байланыштуу. Бул ойду парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 13-июндагы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев да белгилеп өттү. Ал мамлекеттик маанилүү документтерди даярдоо үчүн мамлекеттик типографияны түзүү керек деген пикирин айтты. “Бул типография корголгон элементтери бар мамлекеттик документтерди даярдоо менен алек болот. Улуттук банктын, Мамлекеттик каттоо кызматынын заказдарын аткармак, эң биринчи кезекте бул мамлекеттик коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү кадам болмок”, - дейт Сарпашев. Маалыматка таянсак, жаңы үлгүдөгү паспорттор 2016-жылдын сентябрынан тарта бериле баштайт, баасы 300 сомдун тегерегинде болот.

Мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы жагдайлардын ачылышына байланыштуу 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы макулдашуулардын канчалык мыйзамдуу түзүлгөнүн кайра кароо тапшырмасын берди. Өлкө башчысы жасалып жаткан иштер тууралуу коомчулукка өз маалында маалымат берип туруу зарылдыгын белгиледи. "Кыргыз Республикасынын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоору болуп кала турган "Кумтөр", тескерисинче, эмне себептен эл арасында “эң ири алдамчылык”, “эки үй-бүлөлүк-кландык режим үчүн жемкордук акыр” жана кыргыз өлкөсүнүн улуттук кызыкчылыгына саткынчылык катары кабыл алынганын адамдар билүүгө тийиш", - деди өлкө башчысы.

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде аталган ишкананын Бишкектеги кеңсесинде Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы биргеликте тинтүү жүргүзүп, мындан кийин компаниянын 2 вице-президенти өлкөдөн чыгып кеткен. 13-июнда “Кыргыз алтынды” жетектеп турганда “Кумтөрдөн” ири суммадагы акча доолап алып турган” деген маалыматтан улам Дастан Сарыгулов УКМК тарабынан кармалып камакка алынды. Бишкектин райондор аралык сотунун чечими менен “Центерра” компаниясынын 6,7 миллиард сом доого жыгылышы, Сарыгуловдун кармалышы, президенттин башкы прокурорго атайын тапшырма бериши өңдүү системдүү аракеттерден улам “Кумтөр” маселесин чечүүгө өлкө жетекчилиги белсене киришкени байкалууда.

Кызматка жаңы киришкен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тармакты 100 күндүн ичинде өзгөртүүнү убадалады. Милиция кызматкерлеринин жүрүм-турумун жөнгө саларын убадалаган министр элдин ишенимине кирүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн колдонорун айтты. Кызматка жаңы киришкен министрлердин баары башында ушинтип айтышат. “100 күндө өзгөртүп жиберем, кыйратам” дешет... Чын эле андай өзгөрүү болот. Бирок убадада айтылгандай, жаңы жетекчи системди, тармакты эмес, калыптанып калган систем жаңы жетекчини өз ыңгайына салып өзгөртүп алат... Жунушалиев журналисттерден милициянын кемчилигин азыраак жазууну да суранды. “Жетишкендиктерин көбүрөөк жазгыла, жакшы сөз аларга дем-күч болот”, - дейт министр. Өлкөнү тартипке салуучулардын тартипсиздигине көз жумуу чакырыгын министрдин айтып жатышы жагымсыз. Милиция кызматы жаап-жашырып жаткан айрым кыңыр иштер журналисттердин жардамы менен ашкере болуп жатканын Жунушалиев эсинен чыгарбас.

Жакында парламент депутаттарынын бири журналисттерди Жогорку Кеңештеги терс көрүнүштөрдү жазбоого чакырган эле. Бүгүн андай өтүнүчтү министр айтты. Депутаттар менен чиновниктер ишинин майын чыгара аткарып, мамлекетибиз өнүгүп баштаса, журналисттер деле жазганга негатив таппай калышмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан