Мьянма өлкөсү жаратылыш кырсыктарынан жапа чегүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мьянма өлкөсүндө 9-июндан бери нөшөрлөгөн жамгыр жаап, суу каптоолор болууда. Мындан улам өлкө тургундары жапа чегип жатышат. Бир жумадан бери тынымсыз жааган жамгырдан улам пайда болгон суу каптоолордон 12 адам көз жумган. Сел жана жер көчкү коркунучтарынан улам жергиликтүү тургундар турак жайларын таштап кетүүгө аргасыз болушууда.
Аба ырайынын катаалдыгынан өткөн жылы да жоготуулар болгон. Адистердин айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы кырсыктардан келтирилген чыгым көп.