Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүндөгү Дөң-Булак аймагында 15-июнь күнү саат 01:00 чамасында жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, Портер үлгүсүндөгү унаа жана Мицубиси үлгүсүндөгү унаасы кагылышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Портер үлгүсүндөгү унаанын ээси 1989-жылы туулган К.А. жеңил жаракат алган. Куткаруучулар машинада кыпчылып калган 1989-жылы туулган А.А. жана 1989-жылы туулган К.А. аттуу жарандарды алып чыгышып, Өзгөн райондук ооруканасына жеткирип беришкен. Ал эми Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын ээси 1989-жылы туулган М.К. аттуу жаран каза болгон.