Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова моралдык жактан жабыркагандыгы үчүн президенттен 10 миллион сом талап кылды

Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочулар президент Алмазбек Атамбаевди айыптаган соттук отурум улантылды.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова президенттин анын дарегине айткан сөзүнөн улам үй-бүлөсү жабыркаганын айтты.

"Коомчулуктун алдында президент Атамбаевдин мыйзам бузуулар менен менин дарегиме айтылган шылдыңдоолорунан мен жана үй-бүлөм жабыркадык. Мен апамын, чоң энемин. Мындай абалым балдарыма да терс таасирин тийгизип жатат. Моралдык жактан жабыркап, кыйналып жатам. Мага 10 миллион сом моралдык чыгым төлөп беришин талап кылам", - деди Исмаилова.

Отурумга президенттин өкүлү да катышып: "Президент Крыловдун тамсилин мисал кылып айтканда эч бир адамдын аты-жөнү аталган эмес. Мында эч кимдин аброюна шек келген эмес", - деди соттук отурумда.

Эскерте кетсек, 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземи өткөн. Анда президент "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" делген адамдарды катуу сынга алган. Өз кезегинде өлкө башчы Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованы сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
jetinur90
2016-06-15 12:09:07
Керек болсо бир жарлыкты ойлоп таап,моюнуна илип,кайра озун 10миллион толотуп алат биздин ажобуз. Чучпараны ката санап алган окшойт эжебиз.
-3
nur0077
2016-06-15 12:09:07
Уурусу кучтуу,Ээсин доого жыгат болду го.
+8
nargis
2016-06-15 12:17:55
Мыйзам барбы мыйзамдарды билгенге
Мыйзам барбы ооз ачып суйлоп ийгенге
Капырайаай кедей байкуш кантти экен
Марал эмес ,матриялы куйгонго
Мыйзам ,мыйзам баарыбызга тенсинби
Мыйзам мыйзам же бир курал элесинби ?
-3
mirbek99
2016-06-15 12:36:59
Ажап эле кылат Атамбаев , 10 000 000 размечталась десе керек ичинен :)
+6
Urmat_83
2016-06-15 12:41:04
10миллион аз эмеспи.Ошо 10миллионду алганда кемип калган моралы толуп калабы.Бермек беле президент берсе авторитети тушуп калатго.Анан журуптурда кунуго сотто ар ким сотко бере берип
-3
7.patriot
2016-06-15 12:46:14
Д.Орунбековтон 2 млн алып калганын дагы бироодон алып берээр.
-4
Aidai5555
2016-06-15 13:20:02
Тапкан экен май башты, (биз бала чакта ушинтип сүйлөчүбүз, ушуну эстеп кеттим))))
Бул укук коргоочулар биздин жарандардын кызыкчылыгынан мурун чет жактардын кызыкчылыгын жогору койгондой, ошолор үчүн кызмат кылгандай сезиле берет, (ошон үчүн жактыра бербейм булардын иш-аракеттерин). Таба эмес, тобо, бирок буларды ушинтип эсине келтирип турбаса, төбөгө чыгып кетишти, такыр эле...
+8
abdul.kg
2016-06-15 13:42:24
Жакшы..
0
toroeva9893
2016-06-15 14:46:42
Тооба
0
zamir-bek
2016-06-15 14:54:38
Ушул эки артист аялды оордуна коюп койчу адам болоор бекен. Эми догурунгандын да чеги болуш керек го. ХХХ ХХХ ХХХ
+4
admin_portal
2016-06-15 15:56:12
zamir-bek, провокациялык билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
0
ruslankg
2016-06-15 18:08:56
Мен нарындан болом приздентен 15000000 сом талап кылам обройума шек келтирген.)))
0
kalima88
2016-06-16 05:42:02
ruslankg, ))))))))))))))
0
suymon
2016-06-15 18:37:53
Президенттен акча алып тарыхта алтын тамга менен атыныз калат екен.улялсанар болот укук коргоочулар.
0
rayimo
2016-06-15 19:17:46
Өз укугун коргогондун эмнеси жаман президент боло-бу башка болобу байкап сүйлөш керек.Бул Төлөйкан айымдын жеке укугу.Демек ар бир адамдын укугун сыйлаш ар бирибиздин милдетибиз
-4
Kroxa
2016-06-15 22:07:28
Соонун экен ал нарындыктарды малсынар дегенде бут нарын эли 1 миллиондон сурап сотко берсе болмок:-):-):-)
0
kubanych92
2016-06-16 15:50:09
Норм шылтоо болуптур да оной акча табууга э уят да уят 10 млн да талап кылабы пайдаланып калайын деген эле ойуда бул!.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан