Бишкек-Торугарт унаа жолунун 245-чакырымында Мерседес үлгүсүндөгү унаа жол четинде токтоп турган КамАЗды артынан келип сүзүп алды. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 15-июнда кабарлады.
Маалым болгондой, андан 1975-жылы туулган айдоочу Н.Кабрисов, 1984-жылы туулган жубайы С.Бакталасова жана 2013-жылы туулган кызы Б.Кабрисова жаракат алып, "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилген. Ал эми КамАЗдын ээси ким экендиги такталууда.