5-6-апрель күндөрү Баткен облусунда “Өрүк гүлү” аттуу фестиваль өтөт. Иш-чаранын максаты - жергиликтүү өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүктө сакталып калышына кам көрүү болуп саналат. Бул иш-чаранын жүрүшүндө кургатылган өрүктөн жасалган тамак-аштардын көргөзмөсү болот. Ошондой эле фермерлер арасында пикир алмашууну камсыздаган тегерек стол болуп өтөт. Аталган иш-чара “Био-Биомурас” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.